ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2018: Корей кызын куткарам деп сууга чөгүп... Орусиядагы Кыргыз жарандарынын эрдиги жана көйгөйү

Узап бараткан жыл Кыргыз өлкөсү үчүн да, чет жерде оокат издеп жүргөн кыргыз мекендештерибиз үчүн да жакшы жылдардан болду. Башканы айтпаганда, Москва шаарында кардарынын унутуп койгон жүгүн кайтаруу үчүн кычыраган суукта 8 саат күтүп турган кыргыз таксист жигиттин окуясы көпчүлүктүн көңүлүн жубатты. Кыргыз уулдарынын мындай эрдиги байма-бай орун алып орусиялык гана эмес, башка чет элдик ЖМКлардын да көңүлүн өзүнө буруп келет. Эми мекендештер тууралуу канчалык сөз кылбайлы, бул чет жердеги кыргыз жигиттердин эрдиктеринин бири. Ушул жылдын жай айларынын биринде 18ге толо элек Кара-Кулжанын уулу тээ Түштүк Сахалинде сууга чөгүп бараткан корей кызын куткарам деп эрдик жасады. Бирок өзү сууга чөгүп кетип жан бергени өтө өкүнүчтүү болду. Сөөгү туулуп-өскөн айылына жетип жерге берилди. Ошол эле учурда ар кандай кырсыкка кабылып каза болуп калган мекендештерибиз деле болбой койгон жок. Миграция кызматынын берген маалыматына карасак, жыл ичинде чет өлкөдө жүргөн 200дөй Кыргыз жараны каза болгон. Анын көпчүлүк бөлүгү Орусияда жүргөн мекендештер.

Мындан улам жылды жыйынтыктап жатып чет жерде жүргөн кыргыз уул-кыздарынын жакшы иштери менен кайгысына учкай токтолууну туура көрдүк.

Акча табууга кетип сөөгү келди

2018-жылды тосор алдында Орусиянын Москва шаарында 1980-жылы туулган Искендер Жолборсов жана 1981-жылы туулган Мурат Маматалиев аттуу эки Кыргыз жараны дайынсыз жоголгон. Биринин жансыз денеси 30-декабрда, экинчисиники 7-январда шаардагы көлмөлөрдүн биринен табылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында алар киши колдуу каза болгону белгилүү болгон. Мураттын артында эки уул, бир кызы, Искендердин артында бир уул, бир кызы калган. ИИМдин маалыматына ылайык, Искендер Жолборсов 2015-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Экөө тең Өзгөн районунун Шагым айылында жашап, классташ болушкан.

Окуядан кийин Мураттын Айзада деген балдызы SUPER.KG’ге байланышка чыгып, Мурат Орусияга Гиршпрунг дарты менен ооруган 7 жаштагы баласынын операциясына акча табуу үчүн бир ай мурун гана барганын билдирген. Ал жездесинин киши колдуу каза болушуна аны менен бирге көз жумган И.Жолборсовдун жүрүм-туруму себеп болушу мүмкүн экенин кошумчалаган болчу.

Арадан 6 ай убакыт өткөн соң Орусиянын полициясы тарабынан аталган кылмыш ишке күнөөлүү делип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түшүп, камакка алынган.

Корей кызын куткарам деп өзү чөгүп кетти

Бул арада мындай кайгылуу окуялар көп ирет катталып келди.

Июль айынын соңунда Орусиянын массалык маалымдоо каражаттары Сахалин облусуна эс алууга барган 17 жаштагы Кыргыз жараны сууга чөгүп бараткан корей кызды куткарам деп жатып өзү чөгүп кеткенин жазышкан. Бир күндөн кийин ал Кара-Кулжа районунун Октябрь айылынын Жандарбек Кубанычбек уулу аттуу тургуну экени белгилүү болуп, 2-августта сөөгү туулуп-өскөн айылына жеткирилип, жерге берилген. Жандарбектин кыргыз духун тааныткан окуясы Кыргыз жериндеги гана эмес, чет элдик басылмаларда жазылышы көпчүлүктү таң калтырды.

Арадан ай өтпөй ушул эле Сахалинде кара жанын карч уруп иштеп жүргөн эки кыргыз жигиттин жаны кыйылды. Тактап айтканда, 19-август күнү Сахалин облусундагы Поронайск районунда Кыргыз жарандары иштеп жаткан эски заводдун чатыры түшүп кеткен. Кырсыктан эки адам каза болуп, 5 адам жаракат алган. Каза болгондор Өзгөн районунун тургандары болуп чыккан. Алардын сөөгү да жакындары тарабынан алып келинип туулуп-өскөн айылына жерге берилген.

SUPER.KG жазгандан кийин оор абалда жаткан Кыргыз жарандын туугандары табылды

Орусияда же дагы башка чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарына байланышкан маселе SUPER.KG порталына такай жазылып келет. Ал тургай жакынын таппай жүргөн мекендештердин да тагыдыры четте калбайт. Ушул жылдын октябрь айында Москва шаарындагы №36-шаардык ооруканада аты-жөнү белгисиз болуп жаткан Кыргыз жаранынын туугандары изделип жатканын жазганбыз. Өзүн Элмира деп тааныштырган кыргыз кызы биз менен байланышып, ал адам башынан алган жаракатынан улам эс-тутуму начарлап кеткенин, эгерде жакындары табылбаса кымбат дарыларды саюу токтотула турганын билдирген.

Арадан көп убакыт өтпөй туугандары табылып, өзү Талас облусунун Талас Турдубаев аттуу тургуну экендиги белгилүү болгон. Анын жакындары кабарды угары менен Москва шаарына барып кабар алышкан. Ошондой эле дары каражаттары үчүн мекендештер тарабынан акча чогултулуп, Кыргыз жерине алып келип, дарылануусун улантуу аракети көрүлүп баштаган.

Өз киндигин өзү кесип

Ооруп барган мекендешине 5-10 тыйындан чогултуп жардам көрсөтүү, каза болгонунун сөөгүн жиберүү чет жердеги Кыргыз жарандарынын моюнуна илинген милдет сыяктуу сезилет. Анткени баары жапатырмак биригип өкмөттүн көзүн карабай, ар бир көйгөйдү чечип келишүүдө десек туура болот. Жыл башынан бери жалпы 200дөй Кыргыз жараны каза болсо, аны алып келүү үчүн өкмөт алыс-жакынына карабай ар бирине 50 миң сомдон гана акча бөлгөн. Бирок бул жетишсиз жана аны алууга убакыт жок деген мекендештер өздөрү эле акча чогултуп жөнөтүп келишет.

Ошол эле учурда чет жердеги мекендештер ооруп калып жардам сурагандарга да кайдыгер карашпайт. Мына жакында эле түтүкчө менен дем алган 8 айлык Муслимага жардам иретинде Орусиядагы мекендештер тарабынан 190 миң рубль акча чогултулду. Учурда атасы Тынарбек Адылбеков аны Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасатууга даярдык көрүү иштери менен алек болууда.

20 градус суукта 40 Кыргыз жараны көчөдө калды

Декабрь айынын башында "Орусияда 20 градус суукта 40 Кыргыз жараны көчөдө калды" деген аталыштагы видео интернетке тараган. Ал видеодо Кыргыз жарандары Орусияга жумуш издеп баратып Самара облусуна жеткенде автобустан түшүрүлүп калганы айтылган. Эки күндөн соң Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги расмий маалымат тараткан. Анда "ушул жылдын 30-ноябрында элчиликке Кыргыз жараны чалып, автобустун айдоочусу "жүргүнчүлөр жол кирени толук төлөгөн жок" деп 40 жаранды Казакстан-Орусия чек арасында түшүрүп койгондугун билдирген. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде маселе чечилип, жарандар жолго чыгышкан.

1-декабрда алардын ичинен 18и Самара облусуна кирерде көйгөй жаралгандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган. Буга байланыштуу элчиликтин кайрылуусу менен Самарадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жарандарга жолугуп, тиешелүү жардам көрсөтүү үчүн жолго чыгышкан. Диаспора өкүлдөрү барган кезде аталган жарандар өз алдынча Самара облусунан чыгып кетишкени белгилүү болгон.

2-декабрда элчиликке жогоруда айтылган жарандар Москва шаарына келгендиги жана жумушка орношкондугу тууралуу маалымат келип түштү.

Бул маселе учурда Орусиядагы Кыргыз элчилигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын көзөмөлүндө турат", - деп айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан