Алайда 10-класстын окуучусу асынып каза болду. Ал Орусиядан Кыргыз жерине 5 ай мурун келген

Ош облусунун Алай районундагы Боз-Караган айылында 10-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Ош ОИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын 28-декабрында кечке маал болгон. 16 жаштагы Н.Ш.нын жансыз денеси үйдүн короосунда асылып турган абалда табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркум 1-класстан 9-класска чейин Орусиянын Тюмень облусунда окуган. Кыргыз өлкөсүнө өткөн жылдын сентябрь айында келген. Ал Боз-Караган айылында атасы менен жашап жаткан. Мектепте мыкты окуп, орус тилинен олимпиадага катышып, райондо 1-орунду ээлеген. Н.Ш. Орусияда өскөндүктөн кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алчу эмес. Ал интернетти көп пайдаланган, атасы уулунун жанын кыйып алуусуна интернет түрткү болушу мүмкүн деген. Апасы маркумду жерге берүү үчүн Орусиядан учуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2019-01-02 15:08:16
Аябай жаман иш болуптур бирок эски жылда болуптур жаңы жылда мындай суук кабарды жазбай койсоңор болмок жаңы жылга жакшы кабар жазгылачы
-2
wirintai27
2019-01-02 21:45:56
Бол караган деген айылды укпапмын. Жаман иш болуптур
+2
Benazir08
2019-01-03 03:12:07
wirintai27,боз караган.
+1
Benazir08
2019-01-03 03:12:44
Ото ото жаман болуп жатабыз. Интернет оюнунан жанын кыйыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан