Бүгүн, 8-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаӊы Кодекстердин айып пулдар боюнча бөлүгүнүн ишке ашуусу алгачкы 1 аптада эле күмөн жарата баштады. Мисалы, коомдук жайда түкүргөн адамга 5 жарым миӊ сом айып салуу нормасы көп талкууга, сынга кабылды. Кеп айыптын суммасынын көптүгүндө эмес, айып өндүрүү механизминин жоктугунда да болууда.
Кечээ, 7-январда бир жигит түкүрүк мыйзамына нааразычылык билдирүү катары Ак Үйдүн алдына барып, бийлик имаратын көздөй атайын жаба түкүргөнү тартылган видео тарады. Жаран видеодо бул жоругу үчүн айып төлөөгө даяр экенин айтып, 5 жарым миӊ сомун көрсөттү. Милиция аны Тоӊ аймагынан таап, бирок түшүндүрүү ишин жүргүзгөн соӊ Бишкекке алып келгени белгилүү болду. Түкүргөнү үчүн айып пул салынат же салынбайт деген жооп болгон жок. Азырынча коомдук жайга түкүргөнү үчүн айыпка жыгылды деп эч кимдин аты айтыла элек.
Өлкөдө Жаӊы кодекстер Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер болуп турган 2016-2017-жылдары кабыл алынган. Планга ылайык, 2 жыл ичинде ал Кодекстердин ишке ашуусун камсыздоочу механизмдер иштелип чыгып, бардык мамлекеттик органдар жаӊы Кодекстерге ылайык иштөөгө даяр болуп калуусу керек болчу. Мамлекеттик системди жаӊы Кодекстерге даярдоо жоопкерчилиги өкмөт башчысында эле. Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрелинен 2017-жылдын августуна чейин премьер болуп турду. Андан кийинки премьер Сапар Исаков "Таза коом", "Акылдуу шаар" өӊдүү мега долбоорлорду баштап, бирок аны ишке ашырууга үлгүртпөй, Жогорку Кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен аны кызматтан бошотту. Таза коом ишке ашса, бүгүн көчөдө ким түкүрүп, ким эреже бузуп жатканын бирдиктүү систем аркылуу тегиз аныктоого мүмкүндүк түзүлмөк. 2018-жылы Исаков "Акылдуу шаардын" алкагында адамдын жүзүн аныктоочу функция ишке кирет. Бул жаатта УКМК, ИИМдин 20дай кызматкери иш алып барат. Мисалы, тартип бузуулар болсо, адамдын сүрөтү менен ал кайсы жакта жүргөнүн аныктаса болот", - деген. Көчөдө түкүргөн адамды аныктоонун да бирдиктүү жолу ушул эле. Бирок Исаковдун отставкага кетиши менен "Акылдуу шаар" долбоору токтоду. Бүгүнкү өкмөт анын бир компоненти - "Коопсуз шаарды" ишке ашыра албай убара тартууда. 1 жылдан бери өкмөт башында турган Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын өкмөтү бул планда эч кандай маселе чече алган жок. Коомдук жайга түкүрүүнүн жазасы 5 жарым миӊ сом деп мыйзамда жазылып турганы менен түкүрүнгөн адамды ким таап, кантип аныктай турганы белгисиз.
Жарандык коом жаӊы кодекстерди чийки бойдон колдонууга киргизип жиберген азыркы өкмөттү тепкилеп жатат. Айтор, бул норма алдыда көп талаш, чуу жаратары айкын болуп калды. Азыркы бийликке көйгөйдү чечүүгө караганда аны "биз кабыл алган эмеспиз" деп мурдагы бийликке оодара салуу ыӊгайлуу болуп турат. Кырдаалдын экинчи тарабы - көпчүлүк түкүрүк үчүн салынган айып пулдун суммасынын көптүгүн талкууга алууда. Албетте, баары таза коомдо жашап, коопсуз, булганбаган жерде басып жүрүүнү каалашат. Буга чейин "Түкүрбө" деген коомдук акция жүрүп, бирок ал мынчалык талкууга түшкөн эмес. Акчалай жаза күчүнө киргенде коом дүрбөлөӊ түштү. Түкүрбөй коюуга эрки жетпеген коомчулуктун таза шаарды, айылды, өлкөнү талап кылуусу да мүмкүн болбой калат. Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?
Орусия президенти Владимир Путиндин жаӊы жылдык куттуктоосу Кыргыз коомчулугунун көӊүлүн бурду. Орусия лидери адаттагыдай Кыргыздын учурдагы президентине куттуктоо жиберип, ошол эле учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевди да куттуктады. Саясий майдан кызып, азыркы бийликке мүмкүнчүлүк бериш керек дегендердин катары суюлуп, бийликти жыйынтыксыз, чечкиндүү реформасыз бир жыл өткөргөнү үчүн сындагандар арбый баштаган учурда Орусия президентинин мындай ишараты башкы өнөктөш өлкөнүн учурдагы бийлик менен толук кандуу мамиле кура элегинен кабар берет...