Социалдык тармактарда жарандын бала көтөргөн жубайын күч менен унаага салып, жулмалап жатканы тартылган видео боюнча Бишкек шаардык милициясы чара көрдү.
Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя кечээ, 15-ноябрда саат 20:00 чамасында Новопавловка айылындагы Семиз-Көл көчөсүндө болгон. Окуянын жагдайларын тактоо максатында 24 жаштагы жаран жана анын 22 жаштагы жубайы Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.
Аялы берген арыздын негизинде 24 жаштагы жаранга Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.