Бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алтынды мыйзамсыз казып жүргөн коррупциялык схема аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүүлөр кен чыккан жерлердин биринен лицензиясыз жана тиешелүү документтери жок, жергиликтүү аткаминерлердин жана милиция башчысынын колдоосу менен алтын казып алышканы белгилүү болду.
Алтын казылып бүткөндөн кийин сатылып, акча акимге жана РИИБдин башчысына которулганы маалым болду.
Ага жалпысынан 4 адам тартылып, аларга карата Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып, ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.