Кечээ, 15-ноябрда Прагада жүз миңдеген адам коомдук ЖМКларды каржылоо реформасына каршы митингге чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт коомдук жалпы маалымат каражаттарынын лицензиялык төлөмүн жоюп, мамлекеттик бюджеттен түз каржылоону сунуштоодо. Бирок нааразычылык билдиргендер, бул өзгөрүү саясатчылардын журналисттерге жана маалымат каражаттарына басым көрсөтүүсүнө жол ачышы мүмкүн деп эсептешет.
"Митингди "Демократия үчүн миллион көз ирмем" ассоциациясы уюштурду. Уюмдун маалыматына караганда, акцияга болжол менен 450 миң адам катышты. Бул 1993-жылы Чехия түзүлгөндөн берки эң ири нааразычылык акцияларынын бири катары бааланды. Премьер-министр Андрей Бабиш болсо, каржылоо системинин өзгөрүшү коомдук ЖМКлардын редакциялык көз карандысыздыгына таасир этпей турганын билдирди",- деп белгиленди маалыматта.