Түштүк Кореянын дүйнөгө белгилүү BTS тобу Melon Music Awards-2026 музыкалык сыйлыгында алты номинация боюнча жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, cыйлык тапшыруу аземи 14-15-ноябрда Сеул шаарында өттү. BTS "Жылдын артисти" жана "Жылдын альбому" баш болгон алты сыйлыкка ээ болду. Ал эми IVE тобу беш, CORTIS үч сыйлык алды.
Быйыл Melon Music Awards аземи алгачкы жолу эки күнгө созулуп, ага 36 миңден ашуун көрүүчү катышканы маалымдалды.