Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 23 курулуш объекти текшерилди 

Кечээ, 15-ноябрда Ысык-Көл облусундагы 23 курулуш объектине рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин бекитилген долбоорго шайкештиги, коопсуздук талаптарынын жана курулуш ченемдеринин сакталышы каралды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, кемчиликтерди жоюу үчүн көрсөтмөлөр берилет. Курулуш талаптарын одоно бузган же берилген көрсөтмөлөрдү аткарбаган подряддык уюмдарга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Курулуш тармагында мыйзамдуулукту, сапатты жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган текшерүүлөр өлкөнүн бардык аймактарында системдүү түрдө улантылат",- деп айтылды маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан