27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз-Индия футболдук беттеши орун алып, коомдук коопсуздукту камсыздоого эки миңден ашуун милиция кызматкери тартылган. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы футбол учурунда жана андан кийин чыр-чатак болбогонун билдирди.
"Шаардык милиция коомдук коопсуздукту жогорку чекте камсыздап турду. Оюн учурунда коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Футбол аяктаган соң келген күйөрмандар тынч тарап кетишти", - деп билдиришти ШИИББден.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Индия футболдук беттеши 2:1 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктаган. Аталган эки команда 2017-жылы Индияда беттешип, Кыргыз курамасы индиялык командадан 1:0 эсебинде утулуп калган болчу.