Бүгүн, 7-январда Азия Кубогунун алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Кытай менен беттешет. Бул Кыргыз өлкөсүнүн аталган мелдештеги алгачкы оюну. Азия Кубогуна жалпы 24 курама команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Мелдеш БАЭнин 4 шаарында өтүүдө.
Маалыматка караганда, Кыргыз-Кытай курамаларынын оюну Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.
Аталган спорттук иш-чара 5-январда расмий ачылып, алгачкы оюндар өткөрүлдү. Мелдештин "С" тайпасында Кыргыз өлкөсү, Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин курамалары менен түшкөн.
Кыргыз футболчулары алгачкы беттешин Кытайга каршы 7-январда өткөрсө, 11-январда Түштүк Корея менен, ал эми 16-январда Филиппин менен ойнойт.