Кыргыз-Индия беттеши: Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталды

Кечээ, 27-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргыз-Индия беттешинде Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталды.

Мурзаев талаага башкы курамда чыгып, оюндун аягына чейин ойноду. Ал эми оюндун 72-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына Кыргызга жеңиш алып келген экинчи голду киргизди. Бул гол чабуулчунун улуттук курамдын расмий беттештериндеги алтынчысы болуп саналды.

Белгилей кетсек, беттештен соң Кыргыз курамасынын күйөрмандары кубанычтарын жашырбай, ордунан обдула туруп сүйүнүштү. Оюн жыйынтыкталып, эл тараган учурда күйөрмандар жеңиштен кийин көтөрүңкү маанайда, добулбас уруп кубанычтуу тарады.

Кыргыз-Индия беттеши: Футбол боюнча улуттук курам тарыхый жеңишти алып келди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nursbaike
2018-03-28 08:28:18
Антошго бериш керек мыкты оюнчуну дагы билбейм
+5
TalaCSKA
2018-03-28 08:37:29
Супер сураныч билип бергилечи ким группадан биринчи орун менен чыкты? Индиянын тренери Индия дейт Крестинин Кыргызстан дейт . Ар кайсы сайттарда ар кандай ? 13тон упай разница мячей Кыргызстан 14-8 Индия 11-5 по личным встечам Индияныкы лучше гол в гостях болуп жатат эмнеси биринчи эсептелет ?
+2
nurgaz
2018-03-28 08:50:58
TalaCSKA, Кыргызстан 1чи орун менен чыкты.
+3
TalaCSKA
2018-03-28 09:20:10
nurgaz, АФКнын сайтынан официальный малымат барбы?мен таппай койдум.турнирный таблицаны 20дай сайттан карадым баардык жерде ар кандай .
+1
nurgaz
2018-03-28 09:59:35
TalaCSKA, бардык жерде.
Группа А
1. Кыргызстан
2. Индия
3. Мьянма
4. Макао
+1
anash
2018-03-28 09:18:32
TalaCSKA,Тилеке каршы Индия 1болуп чыкты
0
Isco23
2018-03-28 11:22:57
anash,ооба туура айтасын. Разница мячейден женип кетти алар. Неге сенин жазганына минус басышат. Туура айтып жатсан деле. Же минус басса 1чи орун болуп кеткенсип
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан