ЖЫЛНААМА, 13-ЯНВАРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова 48 жашка толду

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку вице-спикер Асел Кодуранова 48 жашка толду. Ал 1971-жылы 13-январда Фрунзе шаарында туулган.
Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юрист адистиги боюнча бүтүргөн. Кодуранова 3 баланын энеси.

Асел Кодуранова эмгек жолун 1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун комсомолдук комитетинде эсепке алуу секторунун статисти болуп баштаган.

1991-1993-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Биринчи Май райондук Бүткүл Союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзунда сектор башчы, 1994-2009-жылдары КСДП партиясынын аппаратында катчы, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, КСДП партиясынын төрагасынын уюштуруу жумуштары боюнча орун басары, 2009-2010-жылдары КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2010-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Убактылуу өкмөтүнүн аппаратында мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, 2011-2012-жылдары "Кыргызтелеком" ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү, 2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, 2015-жылы 4-октябрда КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты, 2017-жылдын 1-ноябрынан тарта Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланып, 2018-жылы 20-декабрда бул кызматтан кеткен.

13-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан