Франциянын сыймыгы эсептелген жана сүйүшкөндөрдүн кыялына айланган Эйфель мунарасынын курулушу 1887-жылы 28-январда башталган. Мунара 2 жылдай убакыт ичинде курулуп бүткөн. Тактап айтканда, 1889-жылдын 31-мартында аягына чыккан.
Дүйнөдөгү көрүнүктүү жайлардын ичинде Эйфель мунарасынын жанында эң көп адам болгон жана сүрөткө түшкөн. Мына ушундай тарыхый жерлерди көрүү үчүн туристтердин аягы суюлбайт.
Бул ирет SUPER.KG порталы "Тест куржун" рубрикасынын алкагында дүйнөдөгү эң белгилүү туристтердин көз жоосун алган жайлар тууралуу тест даярдады.