Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда президенттик аппараттын башчысынын фракция лидерлеринен да жогору жакта отурганы сынга кабылды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушту.

Жыйынга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев жана президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев да катышты.

Жолугушууда "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын" ишке ашыруу, 2018-2040-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, 2018-2020-жылдарга карата шайлоо мыйзамдары талкууланды.

Жолугушуудан тартылган сүрөт интернет коомчулугунун сынына кабылып, талкууга алынууда. Президент менен фракция лидерлеринин жолугушуусунда президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевдин фракция башчыларынан да жогоруда отурганы талкууга жем таштаган.

Салыштыруу иретинде экс-президент Алмазбек Атамбаев учурундагы фракция лидерлери менен болгон жолугушуулардын сүрөттөрүн сунуштайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан