Жан дүйнөсү музыкага байланган, ар тараптуу чыгармачыл адамдардын студенттик кездери өткөн Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан көз ирмемдерди, азыркы студенттердин экзамендер алдында даярдыктарын сүрөттөр аркылуу көрсөтөбүз.
Улуттук консерваторияга жетейин дегенде эле музыкалык аспаптардан чыккан түрдүү үндөр өзгөчө толкундоону жаратат. Музыкага ар бир күнүн арнап, кыргыз музыкасын, маданиятын көтөрүп, даңазалап жүргөн көптөгөн чыгармачыл адамдар бул окуу жайдан тарбияланып чыккан. Дал ушул жерден башталган эмгек бүтүндөй дүйнөгө тарап жатканы да сыр эмес.
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына быйыл 26 жыл болду. 1993-жылдан бери Кыргыз Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев консерваторияны жетектеп келет. Аталган окуу жайда белгилүү искусство ишмерлери, илимдин кандидаттары, докторлору жана профессорлор эмгектенишет. Ал эми төмөндөгү сүрөттөрдө келечектин белгилүү музыкант, ырчылары. Музыкадан тышкары тынчтыкты сүйгөн өнөр адамдарынын бөлмөлөрүнө баш багып, тынчын алганга туура келди.