Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Динара Кемелова, ал эми Кыргыздын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулова дайындалды. Тиешелүү жарлыкка 15-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыздын Түштүк Корея, Кытайдагы элчилерине талапкерлер каралып, Кемелова менен Бактыгулованын талапкерлиги жактырылган эле.
Динара Кемелова 1971-жылы 24-июлда туулган. 1988-1993-жылдары В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эл аралык укук адистиги боюнча билим алган. 2012-2014-жылдары БУУнун тынчтык жана туруктуу өнүгүү институтунда окуган. 2015-жылы Токиодогу окуу жайда билимин уланткан.
Тышкы иштер министрлигинде бир катар кызматтарда эмгектенип, 2004-2008-жылдары Кыргыздын Япониядагы элчилигинде биринчи катчы болуп иштеген. 2008-жылы Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат Департаментинин укуктук бөлүмүнүн башчысы, андан кийин эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин башчысынын орун басары болот. 2010-жылы эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин башчысы, андан соң 2012-жылга чейин тышкы иштер министринин орун басары болот. 2015-жылдын сентябрь айынан тартып тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Канайым Бактыгулова 1973-жылы туулган. Эмгек жолун 1996-1997-жылдары Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт кызматынан баштаган. Андан соң Африка, Тынч океан жана Азия өлкөлөрү башкармалыгында атташе болгон. 2013-жылдын май айында Кыргыздын Кытайдагы элчиси, ага кошумча 2014-жылы Монголиядагы элчиси болуп дайындалган.