Кыргыздын АКШ менен Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз өлкөсүнүн АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов кызматынан бошотулду. Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайтында жарыяланды.

"Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Токтогулов Кадыр Мирбекович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Кадыр Токтогулов 2014-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Буга чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан