SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акыркы жолу эмнеге жана кимге аябай таң калдыңыз?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Акыркы кезде мен бир окуяга таң калып жүрөм. Мурда мени тоготпой жүргөн кыз мен машина алгандан кийин жабышты да, калды. Сиздер акыркы кезде эмнеге таң калдыңыз?" деген суроо калтырган.
Темадан билдирүүлөр:
- "Жаңы жылдын алдында 5 күн жумуштан чыкпай иштегеним үчүн өзүмө таң калдым".
- "Чогуу жашаган бир кыз үй ичинен акчасын жоготуп алыптыр. Ал эми мен ошол күнү базарга чыгып, өзүмө кийим кече алып келгем. Келип акча кайда болгонун жана канча экенин сурасак сүйлөбөй койду. Анан таң калдык, эгер жоготпогон болсо анда эмнеге бизге ызы-чуу салды?"
"Акыркы күндөрү эч нерсеге, эч кимге деле таң калбай калдым. Таң калганда эмне?"
"Чоң эжелерге таң калдым. Атыр алабыз деп тандап, жыттап ар кайсыны сурап жатышкан. Эми азыр карасам бир атырымды уурдап кетишиптир".
"Азыр унаа айдаган айдоочуларга таң калдым. Бирине-бири жол бербейт го, чиркин".
"Мен бир адамга аябай таң калдым. Сени сүйөм, сени өмүр бою унутпайм деген адамым Орусияга кеткенден кийин дайыны жок. Мен анын сөздөрүнө ишенип алыптырмын".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.