ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: K-Рop дүйнөсүнүн ханбийкеси аталган "BlackPink" тобунун мүчөсү Женни 23 жашка толду

#ShiningJennieDay дал ушул хештэгди бүгүн дүйнө жүзү боюнча интернет колдонуучулары көп колдонуп, куттуктоо билдирүүлөрүн жазышты. Анткени бүгүн, 16-январда "BlackPink" тобунун мүчөсү Ким Женни туулган күнүн белгилеп жатат. Женни 23 жашка толду (Кореядагы жаш куракты эсептөө боюнча 24 жашка чыкты). Ал 1996-жылы 16-январда Сеул шаарында туулган. 9 жашында билим алуу үчүн Жаңы Зеландияга барат. 2010-жылы Түштүк Кореяга келип музыка индустриясындагы белгилүү агенттиктердин бири YG Entertainment`ге кастинг аркылуу өткөн.Женни 4 кыздан турган "BlackPink" тобу менен 2016-жылы дебют жасаган. Ал топтогу башкы рэпер, бийчи жана бэк-вокалчы. Көп убакыт Жаңы Зеландияда жашагандыктан англис тилинде эркин сүйлөйт. Албетте, корей жана япон тилдерин дагы билет. Үй-бүлөдө жалгыз кыз. Дебют жасаганга чейин Женни агенттигиндеги сүрөтчүлөр менен кызматташат. 2012-жылы кыздардан түзүлө турган топтун биринчи мүчөсү катары анын ырдаганы элге көрсөтүлгөн. Бирок ырдын текстинде камтылган сөздөрдөн улам алгач Женни сынга кабылган. Кийинчерээк G-Dragon`дун клибине тартылган. Бул стажёр үчүн чоң жетишкендик катары саналат.


"BlackPink" тобунда лидер жок деп айтылганы менен, күйөрмандардын көбү Женнини лидер катары көрүшөт. Женни кийинүү стилинде да топтогу кыздардан өзгөчөлөнүп турганын байкоого болот. Көпчүлүк агенттик Женнини атайын кыздардан бөлүп көрсөткүсү келет деп да айтып жүрүшкөн. Жису, Лиса, Розэ кара көйнөк кийгенде Женни ак, алар кыска көйнөк кийишкенде Женни узун көйнөк кийген учурлар көп кездешет. Топтогу башка ырчы кыздардын күйөрмандары Женниге ырлардын кызыктуу бөлүгү, экранда ага көп убакыт берилерин айтышат. BIGBANG тобунун мүчөсү Сынринин Женни YG Entertainment үчүн ханбийке жана көзүр деп айтканы бар.

2018-жылдын 11-ноябрында "BlackPink" тобунун концертинде Женни "Solo" аталышындагы ырын элге тартуулады. 12-ноябрда клиби көрсөтүлүп, бир суткада 14 миллион жолу көрүлгөн. Бул түштүк кореялык ырчы кыздардын арасында рекорд катары эсептелет.

Женни 2018-жылдын декабрь айындагы рейтингде Түштүк Кореядагы популярдуу 30 ырчынын арасында 5-орунду алган. Ал эми ырчы айымдар арасында болсо МАМАМОО тобундагы Хвасадан кийин экинчи орунда.

Женнинин кийген кийиминен тартып, шоу-программалардагы сүйлөгөн сөздөрү көңүл борборунда болуп келет. Эки жыл мурун Женни YG агенттигиндеги продюсер Teddy менен сүйүү мамилесинде экени тууралуу маалымат чыккан. Бирок агенттик тараган кептер чындыкка дал келбей турганын, маалыматты чыгаргандар менен соттошууга даяр экенин билдирген. Ушул жылдын 1-январында Женни ЕХО тобундагы Кай менен сүйүү мамилесинде экени белгилүү болду.

16-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан