Чет элдик футбол адистери Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогуна катышкан командалардын чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктап чыгышты. Анда мелдештин плей-офф баскычына өткөн 16 команданын жеңишке жетүү пайыздары жазылган.
Бул тизмеде Кыргыз улуттук курама командасы жарым чейрек финалда БАЭ курамасын жеңип алуу мүмкүнчүлүгү 40,9 пайыз деп бааланса, чейрек финалда кыргыз футболчуларынын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 9,5 пайызга бааланган. Кыргыз футболчуларынын жарым финалга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү 9,5 пайыз болсо, финалга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү 2,5 пайыз.
Адистердин ою боюнча, Азия Кубогун жеңип алууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктүн ээси - бул Иран курама командасы. Алардын пайыздык көрсөткүчү 22,5ке жетет. 2-орунда 21,2 пайыз менен Австралия курамасы болсо, 3-орунда Түштүк Корея курама командасы 19,3 пайыз менен турат. Кыргыз курама командасынын мелдештин чемпиону болуу мүмкүнчүлүгү 0,6 пайыз деп бааланган.