Филиппин дарбазасына 3 гол киргизип, күндүн каарманына айланган Виталий Люкс (өмүр баяны)

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия Кубогунун плей-офф баскычына өтүүгө чоң мүмкүнчүлүк алды. Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында болуп өткөн "С" тайпасынын Кыргыз өлкөсү менен Филиппин курамаларынын оюнунда "Ак шумкарлар" жеңишке жетишти. Кыргыз өлкөсү 3:1 эсебинде филиппиндик футболчуларды жеңип алып, 3 упайга ээ болду. Голдордун баарын чабуулчу Виталий Люкс киргизип, хет-трик жаратты жана беттештин жылдызына айланды десек болот. Сиздерге 2 оюндан бери ишенимди толук актай албай, бирок чечүүчү оюнда бир нече голдун автору боло алган чабуулчу жөнүндө маалыматты сунуштайбыз.

Маалыматтарга караганда, Виталий Люкс 1989-жылы 27-февралда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. Кыргыз Республикасынын жана Германиянын жараны.

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын жана Германиянын "Ульм 1846" клубунун чабуулчусу. Люкс 6 жашында үй-бүлөсү менен Кыргыз мамлекетинен Германияга көчүп кеткен. 2015-жылдан бери Кыргыз улуттук курама командасында ойноп келет. Алгачкы оюнун Бангладеш курамасына каршы өткөргөн.

Виталий Люкс Германиянын "Нюрнберг-2" клубунан 2016-жылы ошол эле мамлекеттин "Унтерхахинг" клубуна өткөн. Аталган клуб менен 2017-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлгөн. Ал эми 2018-жылы Германиянын "Ульм 1846" клубуна которулган. Бул клуб менен түзүлгөн келишим 2020-жылга чейин күчүндө болот.

Люкс буга чейинки маектеринде Кыргыз курамасында ойноп жаткандыгы боюнча пикирин билдирип, "мен туулган өлкөм үчүн ойноп жатканыма сыймыктанам. Биз командабыз менен чоң үй-бүлөбүз", - деген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Tuki110592
2019-01-16 23:55:16
Каяктык болсон дагы ким болсон дагы Кыргыздын намысы деп желегин желбиреттин сенин 3 голун Бутундой Мамлекеттин тагдырын чечти азаматсын дагы коптогон ийгиликтерди кутобуз
+23
Maks_shop
2019-01-16 23:59:23
Сенден кобу улгу алсын ак шумкардын канаты
+19
Bekobala
2019-01-17 00:00:52
Азаматсын кыргызстандын намысын коргоп бердин! Мындан ары дагы коптогон ийгиликтерди каалайм.
+16
Nur777
2019-01-17 00:31:32
Азаматсын Виталий!!!
+13
dastan_nookat
2019-01-17 02:50:44
азаматсын биз сен менен сыймыктанабыз
+9
Keku
2019-01-17 04:02:33
Люкс,азамат.Ахметов сыяктуу карьера деп оз олконду тыштап койбой, Кыргызстандын желегин желбиреттин.Я очень рад,пока есть такие патриоты как ты,у нашей нации есть большое будущее!
+10
Nursbaike
2019-01-17 08:21:49
Молодец келерки дуйно чемпиондугуна чыгып Россияны итерип кайткыла Ахметов менен кошо
+5
Dastanwanted
2019-01-17 08:54:03
Молодец ЛЮКУС.
+5
cholpon119966
2019-01-17 09:05:31
Улуту башка болсо да туулган олком деп Кыргызстандын намысын коргогонуна аябай ыраазымын. Дагы коп ийгиликтерге жетсин, Ильзат сыяктуу саткындардан ушулар мен учун мин эсе ойдо хоть женилген кундо да. Азаматсынар баарынар,сыймыктанабыз,колдойбуз,жакшы коробуз.
+4
Tekecher
2019-01-17 09:16:32
Азаматсын! Эмки оюнда Мирлан(Мурзаев) сенден умут чон. Озунду корсот
+4
kolyn
2019-01-17 10:31:15
Азамат.Дагы бир сенсация көрсөтүп кой плей-оффто.
+3
nemo2016
2019-01-17 12:06:10
Сенин ар бир голун Кыргызстан элине кубаныч тартуулап жатты Рахмат сага жана тренергеда терен ыразычылык Рахмат ак шумкарлар Алга Кыргызстан
+2
Muratmipa
2019-01-17 12:35:27
Жакшы ойноду бирок Кичин эн жакшы защитник болду ошонон деле интервю алсанар болмок
+1
Skarlett-Skarlett
2019-01-17 12:46:12
Мына,патриот деп ушуну айтат.Германияда оссо да журогу кыргыз деп согуптур.Уррааа!
+1
Gulnyr19
2019-01-17 22:35:32
Азамат Байматов ойнодубу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан