Бүгүнкү митингде 21 жаран милиция тарабынан кармалган

Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов.Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов бүгүнкү "Ала-Тоо" аянтындагы митингде кармалып Биринчи Май РИИБине алынып келгендер менен жолугушуп чыкты. Сулаймановдун айтымында, жалпы 21 бала кармалган. Эң кичүүсү 21 жашта.

"Азыр төрт кызматкерим болуп балдар менен жолугушуп чыктым. Учурда тил кат жаздырып жатыптыр. Мен киргенде эле эч кандай кыйноо болбогонун айтышты", - деди Сулайманов.

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өттү. Ал саат 11:00дө башталып, кечки саат 16:30га чейин уланган. Митингде унаалар өтүүчү жолго чыгып кеткен элди акциянын аягында милиция кармай баштаган. Тартип сакчылары болжол менен 3 автобус кишини милиция бөлүмүнө алып кеткен.

Аянттагы митингдин бийиктиктен көрүнүшү 17.01.2019.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuri1988Elim2010
2019-01-17 19:09:53
Неге кармашат.
+1
KG.Kushtarbek
2019-01-17 19:57:14
ургула штраф салгыла.Ошо кыргызстандын келечегин жаш муундарын жерин ойлогондору учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан