Таалайбек Жайылов Токтогул районунун акими болуп дайындалды

Таалайбек Жайылов Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттан 1-мартта кабарлады.

Жайылов 2008-жылдан бери Токтогул районундагы Бел-Алды айыл өкмөтүн жетектеп келген. Ооган согушунун ардагери, үч уул, бир кыздын атасы.

Токтогул районун буга чейин Майорбек Сатымкулов жетектеп келген. Ал 22-февралда өкмөт башчынын буйругунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан