SUPER.KG порталына "4 жашында жоголгон неберемди издеп келем" деген 60 жаштагы Нарын облусунун тургуну Алмагүл Алымкулова кайрылды. Анын айтымында, небереси Элеонора Бейшеналиева 2017-жылдын 11-июлунда Ысык-Ата районундагы Кемпир жайлоосунан жоголгон.
Алдырарда жаздырар...
Неберем 2013-жылы төрөлгөн. Ал төрөлгөндөн көп өтпөй ата-энеси ажырашып кетти. Улуу неберем күйөө балам менен, кичүүсү Элеонора апасынын колунда калды. Кызым жумушка кирип өз алдынча оокат кылсын деп неберемди 2-3 айлык кезинен баштап өзүм бактым. Элеонора 4 жашка чыгып калганда, тагыраагы, 2017-жылдын июль айында кызым Ысык-Ата районундагы Кемпир жайлоосунда саанчы болуп иштегенге жумуш таап, ошол жакка кетип жатканын айтты. "Кызымды да ала кетейин, сагынычыбыз тараганча мени менен болсун" деп калды. Өз энесине каршы боло албай неберемди да кошуп бердим. Ошол бойдон Элеонораны көргөн жокмун. Алдырарда жаздырар болуп, ошол күнү неберемди кошуп бербей эле койсом болмок экен.
Кызымды жайлоого жумушка чакырган кишиден шегим бар
Кызымды Канат аттуу бала уй сааганга жумушка чакырган экен. Неберем экөөнү Ысык-Атадан тосуп алып, Кемпир деген жайлоого алып барат. Кызым "уйларыңар кайда?" десе, жайлоодо экенин айтыптыр. 4-июлда барган кызым "уйларыңар жок экен" деп 11-юлда кайра Бишкекти көздөй сапар алат. Бир колуна кийим-кече салган баштыгын, бир колуна кызын көтөрүп чарчагандыктан баштыгын этектен тосуп алам деп аккан сууга ыргытыптыр. Ылдыйга түшкөндө кийимдеримди таап келейин деп неберемди отургузуп коюп кетип, 15 мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин келсе Элеонора жок экен. Дароо эле ички иштер бөлүмүнө кабар берип, милиция кызматкерлери тик учак менен издеп таппай коюшту. Сууга агып кетти дейли десек агыза турчу чоң суу эмес. Жапайы жаныбарлар кол салды дейли десек, жок дегенде көз айнеги, асынган баштыгы же баш кийими калышы керек эле да.
Ошол Канат аттуу адамдын жүрүм-туруму бир топ шек жаратып жатат. Милицияга "Элеоноранын жансыз денесин жайлоодон көргөм" деп, кийин "жалган айткам" дептир. Суракка чакырса келбей качып жүрөт. Акыркы жолу өткөн жылдын декабрь айында шектүү катары милиция бөлүмүнө кармап келсе "дааратканага барып келейин" деген бойдон качып кетиптир.
Неберемдин жоголгонуна өз энеси шектелип 3 күн камакта болду
Милиция кызматкерлери неберемдин жоголушу боюнча ар кандай версияларды иштеп чыгып, өз энесинен шектенип башташты. Шектүү болсо камагыла дедим. Кызымды кармап келип милиция кыздар менин көзүмчө ар кандай кептерди айтышып "өз кызыңды өзүң өлтүргөнсүң, моюнуңа ал" дешти. Тергөө иштерине жолтоо болбоюн деп эч нерсе айтпадым. 3 күн убактылуу кармоочу жайга камап, жанына соттолгон аялды киргизип коюшуптур. Ал аял "моюнуңа албасаң аягы жаман болушу мүмкүн" дептир. Кызым "акыл-эсим жайында, өз кызымды кантип өлтүрүп салмак элем?" деп көрсөтмө бергенден кийин гана коё беришти.
Неберемдин кайгысын тартып ооруга кабылдым
Өзүбүз Нарын облусундагы Жумгал районунда турабыз. Элеонора жоголгондон кийин милициянын тергөө иштеринен кабар алып турайын деп борборго келе бергем. Өзүмдү-өзүм алаксытуу үчүн курулуш компанияларынын биринде пол жууп иштеп жатам. Неберемдин жоголушу боюнча ишти карап жаткан Кант шаарындагы милиция бөлүмүнө күн алыс барып турам. Бирок 2 жыл өтсө дагы эч кандай жыйынтык чыга элек. Барган сайын "иликтөө иштери жүрүп жатат" деген шылтоо менен жолго салышат.
Неберемдин кайгысын тартып жүрүп ооруга чалдыктым. Бир аз эле ойлонуп калсам кан басымым көтөрүлүп кетет. Эмне кылар айламды таппай калдым. Ушул акыркысы болсун деп Канттын милиция бөлүмүнө барып, өзүмдү-өзүм өрттөп тынат окшойм.
Милиция кызматы иликтөө иштери аягына чыга электигин айтат
Жогоруда айтылган окуя боюнча Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
"2017-жылдын 12-июлунда Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнө А.А. аттуу жаран небересин издөө иштерине жардам берүүсүн өтүнүп арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнөн ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге тик учактын жардамы менен издөө жүргүзгөн. Кемпир жайлоосундагы малчылар, эс алуучулар суралып, жоголгон кызды же аны көргөн-билген күбөлөрдү табууга мүмкүн болгон эмес.
Ысык-Ата райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 3-бөлүгүндө (курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу аркылуу адам уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголгон. Азыркы учурда иликтөө иштери улантылып жатат", - дейт облустук милициянын маалымат кызматы.