ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: Дин аалымы Чубак Жалилов 44 жашка толду

Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак Жалилов Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда туулган.

Атасы Тажибай Жалилов математика мугалими, апасы Гүлжамал Сакыева англис тили боюнча мугалим. Чубак Жалилов үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси.

Чубак Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы Умм аль-Кура эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.
Чубак Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган.
Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген.
2010-2012-жылдары Кыргыз Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон. Чубак Жалилов фикх (шарият мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксаты бар документтердин ээси.
Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда, 5 тоннадай китеби бар экендигин айтууга болот. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырат жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнайт.
21-январга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nursbaike
2019-01-21 13:00:25
Ээ Алла узууун омур бер.
+8
kechirmeni
2019-01-21 13:18:24
Аллахым илимине, омуруно береке берип мусулмандарга, Исламга узааак кызмат кыла тургандардан кылсын!!! Аллахым узууун омур берсин!
+9
Momun...
2019-01-21 14:11:49
Ден соолугу чын болсун Устаздын, омуру узуун болсун. Тилеген ой максаттарына жетсин. А тилеги кыргыз элинин ыйманын бекемдеп, кыргыз элине дем беруу деп ойлойм.
+3
kg_salim
2019-01-21 15:11:19
Урматтуу АДМИН! ушул комментарийлерге баса турган (+) (-) экоосунун аралыгын кичине алысыраак койгулачы сураныч. А то мага окшогон колу чондор плюс басса минус басылып кетет экен
+7
filis
2019-01-21 15:19:22
Азыркы заманда корунгон молдолордун жомогуна ишенип диний фанат болуунун кереги жок. Андан жашообуз онолуп кетпейт. Копчулугу арабтардын кооз жазылган жомокторун ээрчип журушот. Азыркы аалымбыз деп мактангандар Кудайдын созун айтып жатабыз дешип, чынында арабтардын коз карашын салтын дин деп жайылтып жатышат. Дин бул жомок. Жон гана адамдардын устунон бийлик, устомдук жургузу. Аалымдардын бейишин укмак бар кормок жок.
-7
kechirmeni
2019-01-21 15:25:10
filis, Ыймансыздар учун жомок, ыймансыздарга Кудайым ыйман берсин!!!
+2
elebes86
2019-01-21 16:47:20
Билимсиз жерде дин кучойт.
-1
kechirmeni
2019-01-21 16:58:56
elebes86,билимдуу болгону учун эл оозунда журот да
+2
miss2014
2019-01-21 22:43:56
Аалымыбыз коп жаштасын, менин балдары да Чубак ажыдай кучтуу аалымдардан болсун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан