
Португалиялык футболчу
Криштиану Роналдунун салык төлөбөй жүргөндүгү боюнча сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Криштиану Роналду бир нече жылдан бери өзүнүн кирешесин жашырып, салык төлөбөй келгендигин моюнуна алган. Жыйынтыгында Мадриддеги сот футболчуну 23 айга шарттуу түрдө кесип, 19 миллион евро айып пул төлөө чечимин чыгарды.
Футболчу 2011-2014-жылга чейин кирешесин жашыргандыгы үчүн айыпталган эле. Анда Криштиану Роналду мадриддик "Реалда" ойночу.