Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 1, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ош шаарынын Моминов кыска көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1938-жылы туулган Н.В. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.