SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча, колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добуш алган клип сынактан четтетилип, анын ордун ырчы Чолпон Талипбек менен Амир Аскаровдун "Жүрөгүм эзилет" чыгармасы толуктады. Аткаруучулардын бири Чолпон Талипбек башында дуэт аткарууну каалабаганын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.
"Бул чыгарманы Амир Аскаров аткарып чыкпайсыңбы деп сунуштаган. Бирок дуэт катары ырдап чыгам деген оюм жок болчу. Себеби буга чейин 8 жыл дуэт ырдагам. Чыгарманын биринчи куплетин ырдап көрдүм, аябай жагып калды. Ошондон улам Амир Аскаров менен дуэт аткаралы деген чечимге келдик. Ал эми клип жөнөкөй, бирок кызыктуу болсун деп аракет кылдык. Клипти тартуу иштери бир күндүн ичинде бүттү. Чыгарма угарман, көрөрмандарга жаккан окшойт, күн сайын социалдык тармактардан жакшы пикирлер келип жатат", - дейт ырчы.
16-ЯНВАРДАН 23-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орун - Айчүрөк Иманалиеванын "Кыргызча" клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунга - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" видеокомпозициясы жайгашты.
8-орун - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" чыгармасына буюрду.
7-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" видеоклиби камсыздады.
6-орунга - Анжеликанын "Назданып" видеоклиби жайгашты.
5-орунду - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" аталышындагы чыгармасы ээледи.
4-орун - Нияз Абдыразаковдун "Досума" клибине буюрду.
3-орунду - Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" чыгармасы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орун - Гүлжигит Калыковдун "Эне жөнүндө баллада" чыгармасына буюрду.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү композицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.