Депутат Махабат Мавлянова: “Бул мыйзамдарды кабыл алууда президенттик аппараттан тез арада кабыл алып бергиле деген тапшырма болгон”

Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар, алардын аткарылышы талкууга алынды. Депутаттардын бир бөлүгү кодекстер кабыл алынгандан кийинки эки жыл убакыт аралыгында эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок деп өкмөттү айыпташса, мыйзамдар толугу менен талкууланбай кабыл алынганын айткан эл өкүлдөрү дагы болду.

SUPER.KG порталынын "Жаңы кодекстердин ишке кирүүсү боюнча сындар токтобой жатат. Жоопкерчиликти ким алышы керек? Кабыл алган парламентпи же жетиштүү даярдык көрбөгөн өкмөтпү?" - деген соболуна депутат Махабат Мавлянова жооп берди.

Эл өкүлү мыйзам долбоорлору кабыл алынганда жогору жактан катуу таапшырма берилгенин айтты.

“Президенттик аппараттан ушундай талаптар келип жатат. Көп талкуу кылбай бат-бат кабыл алып бергиле деген. Чындыгында ал жакта көп материал болчу, аны тез арада карап чыгууга адамдын күчү жетмек эмес. Ошол себептен мындай кыска убакыт аралыгында материалдарды толук карап чыкканга жетишкен жокпуз. Катуу талаптардын негизинде кыска мөөнөттө парламенттен өтүп кеткен. Мындай талаптарды койгон туура эмес. Ошондуктан бизде да күнөө бар. Анткени ушундай маселелерге карама-каршылык көрсөтө албай калдык”, - деди Мавлянова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Курманкул Зулушев, Чыныбай Турсунбеков, Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартова жана эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан