Астротөлгө: 17-майда төрөлгөн адамдар кандай болушат?

Бул күнү жоопкерчиликтүү, баамчыл, максатына умтулган, өжөр адамдар төрөлөт. Бул адамдардын дагы бир өзгөчө сапаты дарегине айтылган сын-пикирлерге такыр көңүл бурбайт. Тагыраагы, алтындай убактысын текке кетирип, маанайын чөктүрбөйт.

Тээ бала чагынан эле тактиканы туура коюп, жашоо планын даярдап алат. Бул күнү жарыкка келген букачарлар башкалардын кеңешине муктаж эмес. Жадакалса глобалдуу ишти баштоонун алдында турса дагы жакындарынан уруксат сурабайт. Алар эмнени туура деп тапса ошол ишти көздөй бет алат.

17 санынын алдында төрөлгөндөр өтө чынчыл болушат. Мындан улам убада берүүдөн чоочулап турат. Жашоодогу кыйынчылыктардан качып кеткиси келет. Бирок дайыма көйгөйлөргө дуушар болот. Жалгыз калганды жактырганы менен дайыма дос-тааныштары курчап жүрөт.

Баса, бул күнү төрөлгөн букачарлар адамдарга сылык мамиле жасаган, сүйкүмдүү жандар болушат. Бирок башкаларга сырын ачпайт. Анткени башкаларга ишеним арта бербейт. Ошол эле мезгилде алардын ишенимин жаратуу кыйынга турат.
Башкалардан жардам суроо алар үчүн намысына шек келтирет. Кандай гана ийгилик жаратпасын барына жалгыз аяктап жетүүнү каалайт. Албетте, мындай учурда жакын адамдарынын моралдык жактан гана колдоосу керек.
Сырткы келбетинен өздөрүнө ишенген, үнөмчүл адамдай көрүнөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан