Астротөлгө: 27-октябрда төрөлгөн адамдар акылдуу, жоопкерчиликтүү болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

27-октябрда төрөлгөн адамдар ачык айрым, көздөгөн максатына жете билген, тырышчаак, күчтүү болушат. Алар ачык айрым болгондуктан бардык адамдар менен оңой эле тил табышып, коомчулукка бат эле аралашып кетишет. Бардык адамдар менен пикир алышууну жактырышат.

Алар абдан камкор болуп, айланасындагы адамдарга жардамын аябайт. Жакын адамдарына жан үрөп, алынын жетишинче колдоо көрсөткөнгө аракет кылат. Каякта, кандай кесипти аркалабасын ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Мындай сапаты менен иштеген ишинен баар таап, тез эле ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүк табышат. Ошол эле учурда алар бардык кыйынчылыктарга моюн сунуп отуруп калбастан, жан аябастан иштеп, тоскоолдуктарды жеңмейинче бир орунга тура албайт. Жоопкерчиликтүүлүгүнүн арты менен кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ боло алышат. Акылы зирек болгондуктан ар бир ишти баштаардан мурун кылдаттык менен ойлонуп, акыл калчап туруп, жакшы жыйынтык чыгарууга ашыгышат.

Бул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе абдан ишенимдүү, жоопкерчиликтүү, чынчыл, камкор ошол эле учурда абдан кызганчаак болушат. Сүйүктүүсүнүн туура эмес кылыгын көрүп же билип калса аны тез эле ордуна коюп коёт. Андыктан бул күнү төрөлгөн адамдар менен бактылуу болом десеңиз чынчыл, олуттуу мамиле кылышыңыз керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2018-10-27 10:43:46
Чынчыл,жоопкерчиликтүү адам жагат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан