15-декабрда төрөлгөндөр мамилечил, шайыр болушат. Достукту баарынан бийик койгондуктан ийгиликке да достору менен чогуу жетишип, командада мыкты иштей алышат.
Эки тараптуу маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө калыс чечимдерди кабыл алып, пикир келишпестиктердин алдын алат.
Бул күнү төрөлгөн адамдар менен мамиле курам десеңиз ишенимдүү болуп, берилүү менен мамиле кылсаңыз ортодо эч кандай чыр-чатак чыкпайт. Анткени бул күнү төрөлгөн адамдар сый, жылуу мамилени өнөктөшүнөн талап кылат.