"Ак шумкарлар" күйөрмандарына сахнадан өз кол тамгалары коюлган топторду тебишти (фоторепортаж)

Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз курамасынын футболчулары менен калың эл жолугушту. Жолугушуу концерттик программа менен коштолуп, көптөн күткөн "Ак шумкарлар" аянтта орнотулган сахнага келишти. Ар бир футболчу эл алдына чыгып, күйөрмандардын колдоосу үчүн ыраазычылыктарын айтышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын музейи ачылып, өлкөнүн футболунун тарыхы жазылып жатканы тууралуу сөздөр сүйлөндү.

Футболчулардын ар бири сахнадан өз кол тамгалары коюлган топторду күйөрмандарды көздөй тебишти. Туш болгон күйөрмандар топторду тосуп алышты.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 21-январда Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында БАЭ курамасы менен беттешип, жеңилүү ызасын тартып калган. Абу-Даби шаарында орун алган беттеш 2:3 эсеби менен аяктап, кыргыз футболчулары мелдештен четтетилип калышкан.

Бүгүн, 24-январда таңкы саат 4:30да Азия Кубогуна катышкан футбол боюнча улуттук курама команда өлкөгө кайтып келди. Дубай-Бишкек каттамындагы учак менен Кыргыз курамасынын 20 оюнчусу, машыктыруучулар штабы жанан Футбол федерациясынын өкүлдөрү келишкен.

"Ала-Тоо" аянтында футболчулар күйөрмандарга топ тартуулашты
"Ак шумкарлар" күйөрмандары менен жолугуп, кол тамгалары түшүрүлгөн топторду белек кылышты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
grace
2019-01-24 18:37:00
Кудайга шүгүр! Кыргыз чемпион болот Кудай буюрса!
+4
Modric10
2019-01-24 19:03:21
Жакшы салтанат менен тосушуптур .Кыргызстан спорт жагынан мындан да чон тепкичтерге чыгат буйруса.
Байматов Кыргызстанга салымынарды кошкула дейт го
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-01-24 20:28:15
Мен сиздер менен сыймыктанам Кыргызымдын Ак Нускалары!!!! Алга Кыргызстан
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-01-24 20:31:34
Ак Шумкарлары
+1
algakaray
2019-01-24 21:20:38
Кыргыз элимди жана Акшумкарларды куттуктайм! Эми ушу Азия футболунан кийин биздин олко фифанын рейтингинде которулобу?
0
Modric10
2019-01-24 22:38:23
Кана тойду чаныткан ырчы жылдыздар.бекер жерге барбайсынар.футболчуларга арнап суукта 1 2 ыр ырдаганга жарабадынар го
+6
bahabaike
2019-01-24 22:41:16
Ушул жигиттердин урматына даже Матяшты да кечирууго даярмын
-1
titanik32
2019-01-25 05:54:44
Байматов неге ойногон жок,жана да президенттен сыйлык алыптыр.Жанакы гол киргизгендерди Люкс жана Мырзаевди жакшыраак сыйлап коюшса жакшы болмок эле.
+1
cholpon119966
2019-01-25 09:51:32
Жакшыыы...Бишкекте болсок биз да бармакпыз)
+1
monster_high_98
2019-01-25 13:30:00
Матяш кана
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан