Футбол боюнча Азия Кубогу: Түштүк Корея мелдешке катышуучу курамын жарыялады

Футбол боюнча Азия Кубогуна катыша турган Түштүк Кореянын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Футбол федерациясы социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.

"Бентунун командасы! Футбол боюнча Азия Кубогуна катышуу үчүн улуттук курама командага 23 оюнчу чакырылды", - деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, мелдешке катышуучу 23 футболчунун арасында англиялык "Тоттенхем" клубунун оюнчусу Сон Хын Мин да бар.

Азия Кубогу 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Түштүк Корея курама командасы "С" тайпасында Кыргыз, Кытай жана Филиппин курамалары менен беттешет. Түштүк Корея менен Кыргыз курамаларынын беттеши 11-январда орун алат.

Футбол боюнча Түштүк Корея курама командасынын курамы:

  • Дарбазачылар:
    • Ким Сын Гю ("Виссел Кобэ"), Ким Жин Хён ("Сересо Осака"), Сонг Пом Гын ("Чонбук Хёндэ Моторс");
  • Коргоочулар:
    • Ким Ёнг Вон ("Гуанчжоу Эвергранд"), Чон Сын Хён ("Кашима Антлерс"), Квон Кюн Вон ("Тяньцзинь Цюаньцзяня"), Ким Мин Жэ, Ли Ён (экөө тең "Чонбук Хёндэ Моторс" клубунан), Ким Мун Хван, Хон Чхоль, Ким Чин Су (баары "Сувон Самсунг Блюуингз" клубунан)
  • Жарым коргоочулар:
    • Ки Сон Ён ("Ньюкасл Юнайтед"), Чон У Ён ("Аль Садд"), Ку Жач Холь ("Агусбург"), Хван Ин Бом, Чон У Ён ( экөө тең "Асан Мугунхуа" клубунан), Ли Жэ Сон (Хольштайн), Хван Хи Чхан (Гамбург), На Сан-Хо (Кванжу), Ли Чхон Ён (Кристал Пэлас),
  • Чабуулчулар:
    • Сон Хын Мин (Тоттенхем), Хван Ый Жо (Гамба Осака), Чи Дон Вон (Аугсбург)
  • Башкы машыктыруучу:
    • Паулу Бенту (Португалия)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek_tash
2018-12-20 15:30:40
Баары кыйындар экен го С тайпасындагылар... кантседа ийгилик КР!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан