Москвада дем алыш күндөрү бийиктиги жарым метрге чейин жеткен кар жаашы күтүлүүдө

Москвада келе жаткан дем алыш күндөрү катуу кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Москвада 26-27-январь күндөрү катуу кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -18-20° градуска чейин суук болуусу күтүлөт.

"Синоптиктер бул жуманын аягында күтүлүп жаткан аба ырайы суук болуп жана калың кар жаашын билдиришкен. Ошондой эле 28-январь күнү да абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Келе жаткан жумада суук аба ырайы сакталат. Жаай турган кардын бийиктиги 20-25 сантиметрден жарым метрге чейин жетиши күтүлүүдө. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, эртең 26-январда саат 12:00 чамасында жаап баштаган кар 28-январь күнү эртең менен токтойт", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
din_tomas
2019-01-25 22:00:31
Подработка ураааа)))
+7
aitowa11
2019-01-26 00:35:40
din_tomas, кайсы метродо падработка биздин квартирада да 4бала бош эле)))
+2
Romantik.
2019-01-25 22:07:27
Жакшы болот эле
+5
Apyn8793
2019-01-25 23:19:21
Бош жаткан жалкоо балдарыбызга кунумдук жыргал. А дайыма двордо иштеген балдарга куурал.
+10
zinagull1996
2019-01-26 02:28:59
Суукта каякта под.роботка э тоа. Уйдоо жаткылаа кудаай деп. Суукта. Кар десе журок зырк этип атат. Ко. Озу куйоом лечения алып атты эле.
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-01-26 02:31:51
zinagull1996, куйоон экоон кучакташып жаткыла анда,биз пока иштеп туралы
+4
Gulnyr19
2019-01-26 02:49:16
Питерде -21 градус болуп жатат жылдагыга караганда кар калыңыраак быйыл. Дворник болуп иштеген жердештерге кыйын болду да
0
ayana16
2019-01-26 04:11:18
Кун кичине жылыйт экен деп айтып атышты элегоо.балдар кантип барат школго
+1
kirgizstan
2019-01-26 22:50:28
обедке жакын баштаган кар дагыле токтогон жок борошоооо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан