Улакчы Манас Ниязовдун аукцион аркылуу сатылган формасынан түшкөн каражат дарыланып жаткан улакчыга тапшырылды. Аталган маалыматты SUPER.KG порталына Манас Ниязов тастыктады.
Анын айтымында, аукциондун демилгечиси жана жеңүүчүсү менен биргеликте дарыланып жаткан Дастан Жакеевдин абалын сурап, ооруканага барып келишкен.
"Бүгүн, 25-январь күнү Дастан Жакеевди көргөнү барып келдик. Аукциондон түшкөн 80 миң сом акча каражаты Дастандын ата-энесине тапшырылды. Кызыгы, жеңүүчү аталган Руслан мырза форманы Дастанга белекке берди", - деди Ниязов.
Белгилей кетсек, улакчы Манас Ниязовдун 2016-жылы 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлуп, түшкөн каражат Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпиондугунда аттан кулап, катуу жаракат алган улакчы Дастан Жакеевге берилери маалым болгон. Аукционду 80 миң сом акча сунуштап, Руслан аттуу мырза жеңип алган.