2018-жылы Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Бул тууралуу "Азаттык" сайтына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?" деген соболуна депутат Аалы Карашев жооп берди.
Эл өкүлү инвестиция тартуунун үстүндө өкмөт максаттуу иш алып баруусу керек деген пикирде.
“2018-жылдын башынан баштап инвестициянын келишин карап келдим. Кыргыз мамлекетинде инвестициянын көлөмү абдан азайды. Бир эле Кытай эмес, жалпы эле түз инвестиция келиши төмөндөдү. Жылдын жыйынтыгын толук көрө элекмин, бирок 11 айдын жыйынтыгы менен түз инвестициянын келиши 31,2 пайызга азайды. Бул өкмөт үчүн жакшы көрсөткүч эмес. Инвестиция келип ишканалар, завод-фабрикалар ачылса ошондо гана алдыга жылыш болуп, көрсөткүчтөр бийик болот эле. Ушул тармак боюнча өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес болуп жатат. Инвестиция тартуунун үстүндө өкмөт максаттуу иш алып баруусу керек”, - дейт Карашев.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов, экономисттер Улук Кыдырбаев, Айылчы Сарыбаев жана мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.