Бүгүн, 25-январда эртең менен саат 10:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан суракка чакырылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев суракка кирген бойдон байланышка чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Акыркы 1,5 сааттан бери жактоочу Мээрбек чыгып жатат. Документтер менен таанышып бүтүп, кол коюп чыгарылат деп айтып жатат. Бирок азыркыга чейин Мээрбек өзү байланышка чыга элек. Мен ал өзү байланышка чыкмайынча так маалымат айтуу кыйын", - дейт Жолдубаева.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Мискенбаевдин суракка алынганы боюнча маалыматты тактап бербей жатат.