Кыргыз мамлекети The Good Country Index сайтынын рейтинги боюнча 153 мамлекеттин ичинен 69-орунду ээлеген.
Жогорудагы рейтинг ар кандай эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча берилди. Мисалы БУУ, ЮНИСЕФ жана эл аралык акча каражаттарынын фонду тарабынан бир нече параметрлер боюнча бааланган.
153 мамлекеттин ичинен жогорудагы параметрлер аркылуу Кыргыз өлкөсү 69-орунду ээлегендиктен, бул көрсөткүчтү жакшы деп айтууга болбойт.
Ал эми коңшу Казакстан өлкөсү 105-орунду ээлеген. Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан өлкөлөрү тизмеге кошулган эмес. Алдыңкы үчтүктө Финляндия, Ирландия жана Швеция өлкөлөрү илинсе, эң акыркы 153-орун Ирак өлкөсүнө буюрган.