Бүгүн, 26-январда Бишкек шаарында жеңил унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Фрунзе-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан өрт чыкты. "Унаа өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат саат 13:52де түшүп, саат 14:13тө өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Эмнеден улам өрт чыкканы такталып жатат. Азырынча автоунаанын үлгүсү боюнча маалымат жок", - деп билдирди ӨКМ.