Финансы министри Жээнбаева: "2018-жылдын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түздү"

2018-жылдын жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түздү, анын 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Ал жыл ичинде мамлекеттик карыздарды төлөөгө 23,7 миллиард сом жумшалганын айтты.

"Мамлекеттик карыздарды төлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 миллиард сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 миллиард сому негизги карыздарды жабууга чегерилген. Өткөн жылы мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча түшкөн каражат 19,6 пайызды түзүп, план 75,8 пайызга гана аткарылды. Анын ичинде гранттар – 5,7 миллиард сом, насыялар – 9,2 миллиард сом", - деп кошумчалады финансы министри.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zahid
2019-01-28 13:42:04
Кантип толонот
+3
Bazake
2019-01-28 14:30:09
ХХХ ХХХ, анын тен жарымын уурдап кетти! Эми мамлекет, эл эмес, тышкы карызды Атамбаев төлөсүн. Муну жалпы эл талап кылабыз!
0
admin_superstan
2019-01-28 15:01:04
Bazake, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Билдирүү түзөтүлдү!
0
Aitik
2019-01-28 14:00:45
Алла бар коркпогула..бизди коргойт
0
admin_superstan
2019-01-28 15:02:28
aiba.8327, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
admin_superstan
2019-01-28 15:03:55
Erik2018, далилсиз билдирүү калтыруудан алыс болуңуз. Билдирүүңуз өчүрүлдү, эскертүү!
+2
zhykyo
2019-01-28 15:19:55
Блиин кантип кантип толойбуз кыйналып калбасак экен
0
Atas
2019-01-28 18:19:49
344 млн $ эле төлөнүптүр эртерээк кутулгула .
0
monok2001
2019-01-28 22:24:53
Atas,анын 240млн$ орустар кечкен болсо керек эле
0
talgatbek87
2019-01-28 20:31:10
Силер жегиле биз толойбуз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан