Мектебибизде мугалимдердин кызыктыруучу гранты үчүн төлөнүп берилүүчү фонддун акчасы башка иштерге жумшалып кетти. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылынын мектебинде мугалимдерге берилүүчү кызыктыруучу грант (стимулирующий грант) берилбей келет. Буга чейин 1000 сом өлчөмүндөгү бөлүгү эле берилип, фондго бөлүнгөн калган каражатты бухгалтердик башка бир эсептерге чегерип, бизге беришкен жок. Ал мугалимдердин эмгеги болуп саналат да. Ансыз деле айлык акысы аз мугалимдер үчүн мындай кызыктыруучу гранттар кыйла эле жардам болот. Ошол кенедей фонддон да өөнөп-бутап алып жаткандарга жол болсун! Мындан тышкары айлык акы башка мектептерге салыштырмалуу көпчүлүк учурда кечиктирилип берилет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.