Депутат Жапаров көптөгөн жарандар каражатынын жетишсиздигинен улам сотко кайрыла албай жатканын айтты

Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорун карады.

Белгилүү болгондой, эгер жаран 100 миӊ сом зыян тартса, ал өз укугун коргоп сотко кайрылуусу үчүн ошол тарткан зыяндын 10 пайызын же 10 миӊ сомду мамлекеттик алым катары төлөөгө тийиш болчу. Конституциялык палата мындай чара Баш мыйзамга кайчы келет, жарандардын сотко кайрылуу укуктарын чектейт дегендей чечим чыгарган.

Депутат Акылбек Жапаров учурда көптөгөн жарандар каражатынын жетишсиздигинен улам сотко кайрыла албай келгенин айтты.

"Соттор өздөрүнүн ишин азайтуунун оӊой жолун таап алган. Эң жогорку айлык менен пенсияны соттор алат, анысы аз келгенсип "жумушубуз көбөйүп кетет" деп жарандардын сотко кайрылуу укуктарынан ажыратышкан. Жабырлануучулар кайрылып жатса, биз алардан акча сурап жатабыз. Бул өтө туура эмес", - деди Жапаров.

Мындан тышкары депутат Зиядин Жамалдинов аялы менен күйөөсү ажырашып, мүлкүн бөлүү үчүн экөө тең сотко кайрыла албай жаткандар көп экенин билдирди.

"Ким сотко арыз менен кайрылса, ошол талаштуу турак жайдын баасынын 10 пайызын мамлекеттик алым катары төлөшү керек. Эгер үй 11 миллион сом турса, 100 миӊ сом төлөшү зарыл. Муну тез арада өзгөртүүбүз керек", - деди эл өкүлү.

Жамалдинов мамлекеттик алым юридикалык жактарга караганда жеке жактарга көп салынып калганын кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар мамлекеттик алым канча өлчөмгө же канча пайызга азайып жатат деген негизги суроого өкмөттөн так жооп ала алышкан жок. Ошондон улам тармактык комитет бул маселени келерки жыйынга жылдырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIA-TOO
2019-01-28 15:42:18
Азыркы соттор 100 пайыз коррупционерлер, бирөөсүда адилет чечим чагара албайт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан