Теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири болгон Австралиянын ачык биринчилигинин финалында 21 жаштагы япониялык теннисчи Наоми Осака жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, турнирде Наоми Осака чехиялык Петра Квитованы 7:6 (2), 5:7, 6:4 эсебинде жеңип чемпион гана аталбастан, WTA`нын рейтинги боюнча "Биринчи ракетка" аталды. Жеңүүчүгө 4 миллион 100 миң доллар берилет.
Ал эми анын оюн талаасындагы атаандашы Петра Квитова 2-орунду ээлеп, 2 миллион 100 миң доллар сыйлык алды.
Учурда 21 жаштагы теннисчи Наоми Осака ири Чоң шлем турниринин 2 жолку , WTA турниринин 3 жолку жеңүүчүсү.