Бүгүн, 28-январда Ак Үйдүн алдына Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнүн жамааты митингге чыгышты.
Алар Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиянын бөлүм башчысы Салтанат Иманбаева өзүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтышты.
"Биздин чырыбызды бир жылдан бери уккан, ага чара көргөн эч ким жок болбогондуктан ушул жакка чыгууга аргасыз болдук. Бөлүм башчыбыз Иманбаева 18 жылдан бери Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиясын өзүнүн жеке менчигине айландырганга чейин барды. Акыркы учурда жолдун аркы бетине жеке клиника ачып, бөлүмдөгү жабдыктарды өзүнүкүнө коюп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип жатат. Бөлүмгө жаткан оорулууларды негизсиз эле өзүнүн жеке иш бөлмөсүнөн акча төлөп өтүп келүүсүн талап кылат. Ал нерсе оорулууга керекпи, кереги жокпу аны менен эсептешпейт. Биз аны карап тура албай бир жыл мурун жогорку жактарга кайрылуу жасаганбыз", - дешти аталган оорукананын дарыгерлери.
Бул бөлүмдүн жамааты чырды чечип берүү үчүн алгач Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаевага кайрылышканын айтышты.
"Алгач өзүбүздүн жетекчиликке кайрылганбыз. Жетекчилик комиссия түзүп, ошонун негизинде Иманбаеваны бөлүм башчылыктан алган. Иманбаева жамаатта болгон келишпестиктерди сотко айтканда өзүнүн иш бузуулары чыгып калмак, ошондон коркуп коомчулукка "Сагинбаева врачтарды колдонуп, менин ордумду башка бирөөгө бергиси келип жатат" деген жалган маалымат тараткан", - дейт дарыгерлер.
Митингге чыккан дарыгерлер Салтанат Иманбаева бөлүм башчылыктан түшүп, жөнөкөй врач катары иштесин деген талап коюшууда.
"Биздин арабыздан бөлүм башчы коюп бергиле деп да айтпайбыз. Бир гана Иманбаевадан башка жетекчинин колунда иштегенге макулбуз", - дешти №1 көз микрохирургия бөлүмүнүн жамааты.