Ажылыкка баруучуларды быйыл дагы сауд арабиялык компания ташый турган болууда

Бүгүн, 28-январда ажылыкка барчуларды ташуучу авиакомпаниялар ортосунда жарыяланган сынак аягына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, бир ай убакытка созулган сынакка катышуу үчүн бир гана Сауд Арабиянын "Флайнас" авиакомпаниясы документ тапшырган.

Буга чейинки жылдардагы ажылыкка барган Кыргыз жарандарын "Флайнас" авиакомпаниясы ташып келген.

Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5 миң 485 квота берген. Учурда ажылык сапарга баруучуларды каттоого алуу иштери жүрүүдө. Жыйынтыгы 31-январда аягына чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2019-01-28 23:19:11
Арабтар жон жерден бизнес жасап жатышат.
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-01-29 13:27:26
Mirlan27011987,Кытайчы??!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан