Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында электр энергиясынын "акылдуу" эсептегичтери тууралуу маселе каралууда.
Талкуу учурунда депутат Кожобек Рыспаев "акылдуу" эсептегичтер эмне себептен ар кайсы компаниядан алып келингенин сурады.
"Баш аламандык менен алып келип "акылдуу" эсептегичтер деп коюп жатасыңар. Бузулуп калса ким жооп берет? "Акылдуу" эсептегичиңер бирөө кытайча, бирөө түркчө сүйлөйт экен. Бир компаниядан албайт белеңер", - деди эл өкүлү.
"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкаров учурда өлкө аймагында 200 миң "акылдуу" эсептегич коюлганын айтып, азырынча бузулуулар жок деп билдирди.