"Манас" аэропортунун аталышы Чыңгыз Айтматов деп өзгөрүлгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG`ге эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын айтымында, эл аралык авиакомпаниялар "Манас" аэропортун Чыңгыз Айтматов деп айтышы мүмкүн.
"Манас" аэропортунун аталышын убагында жазуучу Чыңгыз Айтматов койгон. Балким, жүргүнчү ошону айтып жаткандыр. Бирок кандай атоону эл аралык компаниялар өздөрү чечет. Бул нерсе чет элдиктерди өлкөгө тартуу, туризмди өнүктүрүү максатында жасалышы мүмкүн.
Буга чейин да айрым КМШ өлкөлөрүндөгү сайттарда аэропорттун аталышы туура эмес жазылган учурлар катталган. Биз алар менен байланышып, маалымат базасына аэропорттун аталышын оңдоп койгула деп өтүнгөнбүз. Ал эми, ушундай эле көрүнүш башка сайттарда да кайталанып жаткан болсо биз тиешелүү кат жөнөтөбүз", - дейт Курбанова.
"ЭЛДИК КАБАРга" окурман кайрылып "Манас" аэропортунун аталышы Чыңгыз Айтматов болуп өзгөрүп калды беле? деген суроо узаткан. Ал былтыркы жылдан баштап эл аралык каттам менен жүргөндө, Бишкек шаарына конордо бортто "Манас" аэропортунун аталышын Чыңгыз Айтматов деп жарыялап жаткандыгын билдирген.