Гүлжигит Калыковдун "Эне жөнүндө баллада" чыгармасы "Сыйлуу тизмеден" орун алып, Гүлнур Сатылганова жана Гүлнур Асанованын чыгармалары "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганованын "Ашыкпа" жана Гүлнур Асанованын "Шашпа" чыгармалары кошулду.

23-ЯНВАРДАН 30-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орун - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунда - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" видеоклиби жайгашты.

8-орун - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" видеокомпозициясына буюрду.

7-орун - Нияз Абдыразаковдун "Досума" клиби 3 баскычка төмөндөгөн.

6-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" видеоклиби камсыздады.

5-орунду - Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" чыгармасы ээледи.

4-орун - Анжеликанын "Назданып" видеоклибине буюрду.

3-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" чыгармасы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" клибине буюрду.

1-орун - Гүлжигит Калыковдун "Эне жөнүндө баллада" чыгармасы ушуну менен үчүнчү ирет эң көп добушка ээ болуп, "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.

"Бул чыгарманы ырдап чыгууну көп убакыттан бери ойлонуп, бышырып келгем. Клип өзүмдүн башымдан өткөн окуялардын негизинде тартылган. Тартуу иштеринде эч кандай кыйынчылык болгон жок. Себеби клипмейкер Эрнист Сыдыков өз ишин мыкты билген адам экен. Клипти 2 күндө тартып бүттүк. Чыгарманын угармандары жакшы пикирлерин айтышты", - дейт ал.
Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ady-88
2019-01-30 20:22:58
Таш ыргытсан ырчынын башына тийет го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан