КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнө талапкер Чынар Капарова көп добуш алды. Бирок чечим жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш бермей болушту

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо талкуу жаратты. Депутаттар жашыруун добуш беришти.

Анда эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Ага 79 депутат "макул", 16сы "каршы" деп добуш беришти.

Маркабай Аматовго "макул" - 31, "каршы" - 51;

Атыркүл Сарыбаевага "макул" - 60, "каршы" - 33;

Мирбек Мырзабековго "макул" - 22, "каршы" - 64;

Вице-спикер Аида Касымалиева Нургазы Мусаев деген талапкер жыйынга келбегени үчүн ага добуш берилбегенин айтты. Анда депутаттар келбей койгон талапкерге добуш бербей коюу болбой турганын билдирди. Депутат Садык Шер-Нияз Нургазы Мусаев бул боюнча Жогорку Кеңешти сотко берсе болот деген пикирин айтты.

Садык Шер-Нияз кайрадан добуш берүүнү сунуштады.

Депутат Мирлан Жээнчороев талапкерлердин баяндамасын угуу керектигин билдирди.

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоодо регламент бузулганы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nursbaike
2019-01-30 14:49:19
Келбейби Анан не зарыл иши бар экен кантип уялбайм сотко берет кийин кайра законунар бащынарда калсын шалакылар ушундай закон ушундай талапкер ушундай сот
0
Azatbek.Svoboda.
2019-01-30 14:52:12
Чынара Капарова татыктуубу?
0
Alia82
2019-01-30 16:35:29
Azatbek.Svoboda.,татыктуу деп ойлойм
0
Mamiev
2019-01-30 16:46:17
Комиктер биринчи класстан айырмасы жок сабатсыздар. Адашып шайлап алса керек да намыс деле жок. Рас көп добуш алдыбы цирк болбой шайлагыла да кайра башынан добуш бербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан